Мамлекеттик сыйлыктарды берүүдө ырааттуулук жана салттуулук сакталышы керек – мамкатчы

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 09:55
89-1_730x0.730x0.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Мамлекеттүүлүктүн, улуттун өз жолу менен уланып жатканын белгиси катары сыйлыктарды берүүдө ырааттуулук жана салттуулук сакталышы керек. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Кыргыз радиосунун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, сыйлыктарды берүүнүн азыркы системасы өзгөрүүлөргө муктаж. Аны сапаттык деңгээлге чыгарып, ого бетер жогорулатуу керек.

“Себеби, татыксыздар алып калды деген көп сындар айтылып калып жатат. Берүүнүн критерийлери өзгөртүлүшү керек го деген пикирлер бар. Аны менен да таанышмын. Ошол критерийлерди өзгөртүш керек деп демилге көтөргөндөрдүн бири өзүммүн. Муну өзгөртпөсөк эл арасында нааразычылык болуп жатат. Өзгөрүүлөрдү жакшы сапаттык деңгээлге чыгарышыбыз керек, ого бетер жогорулатып, айырмаланган система жаратышыбыз кажет.
Сунушталган долбоор кызыл чеке талаш-тартышты жаратты. Өзгөчө Кыргыз эл жазуучусу жана эл акыны боюнча. Албетте, мен бул сунушту киргизгендерге кошулам. Себеби, эл акыны деп Аалы Токомбаев, Сүйүнбай Эралиев, анан алардын наамынын жоголуп кетиши осолурактай көрүнүп жатат мага. Эмне деген улуу акындар өттү, алар адабияттын, улутубуздун алптары. Ал эми кийинки кезде ошол алптарга тиешелүү наамдарына карата бир аз сын жаратты. Эми ошол сыйлыктарды берүүнүн критерийлерин жогорулатып койсок эле жакшы болмок”, - деп белгиледи Арслан Койчиев.