Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралды.
Парламенттен билдиришкендей, аталган комитетте “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Аталган маселе боюнча баяндама жасаган комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоору санарип далилдер институтун улуттук мыйзамдарга имплементациялоо максатында иштелип чыкканын, ошондой эле Санарип кодексиндеги санарип технологиялар менен байланышкан терминдерди шайкеш келтирүүгө багытталганын кошумчалады.
Мындан тышкары, депутаттык топтордун көпчүлүгүнүн сунушу менен мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берүүнү өтүндү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.
Ошондой эле жыйында “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Талкуу учурунда депутат Жылдыз Курманалиева Конституциялык соттун чечиминин негизинде даярдалган мыйзам долбоорун колдоого алып, соттун чечимине каршы даттануу мөөнөтүнө байланышкан жагдайларга токтолду.