Кыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрүшү мүмкүн

Жогорку Кеңеш
Кыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрүшү мүмкүн

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун жарандары эки өлкөнүн аймагына келген күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин милдеттүү каттоодон бошотулушу мүмкүн. Бул тартипти караган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети экинчи окууда жактырды.

Комитет жыйынында президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Жунушов баяндама жасап, мыйзам долбоору 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо максатында иштелип чыкканын билдирди.

Анын айтымында, макулдашууга ылайык, бир мамлекеттин жарандары экинчи мамлекеттин аймагына убактылуу келген учурда келген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органдарында каттоодон өтүү милдетинен бошотулат.

Документ эки өлкөнүн жарандары үчүн өз ара каттоосуз жүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Баяндамачы мыйзам долбоорун кабыл алуу терс финансылык, экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбей турганын, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбай турганын белгиледи. Комитет мүчөлөрү документти экинчи окууда бир добуштан колдошту.