Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди бирдиктүү салык төлөөдөн жана отчёт берүүдөн бошотуу сунушталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Бакыт Сыдыков белгилегендей, “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталууда.
"Мыйзам долбоору салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, ишкердик субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана айрым суроолорду жөнгө салууга багытталган", - деди министр.
Бакыт Сыдыков мыйзам долбоорунда каралган негизги өзгөртүүлөргө токтолуп өттү.
Анын айтымында, 1-августтан 31-декабрга чейин тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди бирдиктүү салык төлөөдөн жана отчёт берүүдөн бошотуу сунушталууда. “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагында салык салуу маселесин жөнгө салуу боюнча тиешелүү ченемдер киргизилүүдө. Ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардан алынган кирешелерди пайда салыгынан жана киреше салыгынан бошотуу каралууда.
"Мындан тышкары, жарандардын улуттук паспортун жана акциз маркаларын даярдоого арналган чийки заттарды жана материалдарды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталып жатат. Бул мыйзам долбоорунун алкагында Жарандык процесстик кодексине, Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мүлк жана киреше декларациясын убагында бербегендерге жоопкерчилик чаралары да каралууда", - деп белгиледи Бакыт Сыдыков.
Тармактык комитет мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырып берди.