Муратбек Бегалиев: Эл үчүн кызмат кылып, жакшы эмгектерди жарата берели

Коом 14 сентябрь 2026 12:50
Муратбек Бегалиев: Эл үчүн кызмат кылып, жакшы эмгектерди жарата берели
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, белгилүү композитор Муратбек Бегалиев өзүнө берилген мамлекеттик сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип, сыйлыкты көп жылдык эмгектин бааланышы катары кабыл алганын айтты.

“Канча жылдан бери талыкпай эмгектенип жүрүп, ошол эмгегиңди эл баалап, мамлекет баалап жатса, абдан кубанат экенсиң. Бүгүн өзгөчө сезимдер болуп жатат. Биз эл үчүн кызмат кылып келгенбиз, азыр да кызмат кылып жатабыз жана мындан ары да жакшы эмгектерди жаратууга аракет кылабыз.
Биз бул сыйлыкты алабыз деп эмгектенген эмеспиз. Биздин максат — эл үчүн кызмат кылуу болду. Артына кылчайып караганда “Жакшы иш кылган экенмин” деген жакшы сөздөр калса экен деген тилек менен эмгектенип келебиз”, — деди Бегалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ынтымак Ордодо” президенттин катышуусунда мамлекеттик сыйлыктар жана ардам наамдар тапшырылды.