Бишкек, 22.08.2025. /Кабар/. Колумбиянын Кали шаарында жайгашкан Марко Фидель Суарес авиабазасынын жанында болгон жардыруудан беш адам каза болуп, дагы 36 киши жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.
Колумбиянын Аэрокосмостук күчтөрүнүн маалыматына ылайык, бомба коюлган террордук чабуул күн мурун жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:50дө болгон.
"Бардык тиешелүү кызматтар кырдаалга тиешелүү чараларды көрүп жатат",— деп билдирген Кали шаарынын мэриясы.
Учурда жардыруудан кийин жабыркаган объекттер жана адамдарга келтирилген зыянды баалоо иштери жүрүп, окуянын себептери жана аны уюштургандарды аныктоо боюнча иликтөө башталды.
Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз.