Колумбия соту мурдагы президент Альваро Урибени камактан чыгарды

Дүйнө Загрузка... 20 Август 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-08-20 at 08.38.12.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Боготадагы Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясы мурдагы президент Альваро Урибе Велести үй камагынан бошотуу тууралуу чечим чыгарып, анын дароо эркиндикке чыгышын буйруду.

Сот төмөнкү инстанциянын мурдагы чечимин жараксыз деп таап, Урибеге карата камакка алуу чарасын токтотту. Бул чечим анын жактоочулары берген апелляция толук каралып бүткөнгө чейин күчүндө болот.

Эскерте кетсек, август айында Богота соту Урибени күбөлөрдү сатып алуу жана процессуалдык мыйзам бузуулар үчүн 12 жыл үй камагына, ири айыпка жана 8 жылдан ашык мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салууга өкүм кылган.

Урибе өзү саясий күрөштү улантаарын жана өлкөдөгү "неокоммунизмге" каршы тураарын билдирген. Ал 2002–2010-жылдары Колумбиянын президенти болуп иштеген жана азыркы күндө да эң таасирдүү саясий инсандардын бири, оңчул-консервативдик "Демократиялык борбор" партиясынын негиздөөчүсү.