Бишкек, 08.08.26 /Кабар/. Орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун 5-турунда окутуунун бардык формалары боюнча негизги тесттин босого баллы 80 баллга чейин төмөндөтүлдү.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-тур 10-августта башталат.
Ошондой эле адистиктер боюнча конкурска абитуриенттер кошумча предметтик тесттерди эске албастан катыша алышат.
Мындай чечим жарандардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын кайрылууларынын негизинде жана колледждерге кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынды.