Кол тийбестик жок, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандар жазаланат – УКМК

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 15:10
502529722_1167601735380726_5312762760716900077_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте кызмат ордунда турган учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы айрым кызматкерлерине карата бир катар тергөө жана оперативдик иш-чараларды жүргүздү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаралар мыйзамдардын чегинде жана бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен ишке ашырылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча принципиалдуу кадрдык чечимдер кабыл алынды. Мыйзамдарды бузууга жол берген адамдар ээлеген кызматтарынан бошотулуп, улуттук коопсуздук органдарынын курамынан чыгарылды.

Аныкталган фактылар боюнча материалдар мыйзамда белгиленген тартипте акыркы укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берилди.

Ошондой эле УКМК ээлеген кызматына карабастан, ар бир кызматкер мыйзам алдында жеке жоопкерчилик тартарын белгиледи.

“Мамлекеттик органдардын системасында (УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы, сот системасы, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы ж.б.) кол тийбестикке ээ адамдар болушу мүмкүн эмес. Кызмат ордуна, кызмат өтөө мөөнөтүнө же мурунку жетишкендиктерине карабастан, ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартат”, - деп айтылат маалыматта.