Кол өнөрчүлүк боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Маданият 1327 04 Декабрь 2025 10:27
590716705_1151758503782571_7641692704019130285_n.jpg
592383720_1151758783782543_4622057043799560525_n.jpg
591736803_1151758903782531_425272468711695595_n.jpg
592907536_1151759067115848_4836232214195511529_n.jpg
593292021_1151758627115892_8629292653800770496_n.jpg
594076561_1151758663782555_1560272982010892977_n.jpg
594444400_1151759110449177_3854169230194003709_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде салттуу кол өнөрчүлүк тармагында маданий туризм үчүн жаңы продукциялардын жаралышын колдогон 2025-жылдагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара өлкөдөгү маданий мурасты сактоо жана туризмди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди таануу максатында уюштурулду.

Ошондой эле азем Корея менен Кыргызстандын кызматташтыгында ишке ашырылып жаткан “Салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” аттуу 2023–2026-жылдарга белгиленген долбоордун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ICHCAP өкүлү Ким Доксун, Кореянын элчиси Ким Кванджэ жана ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Сынакта катышуучулар оймо-чиймелерди заманбап дизайн менен айкалыштырып, сувенирлерди жана күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдардын моделдерин сунуштап, салттуу элементтердин маданий маанисин жаңычыл көз карашта чагылдырды.