Кочкордун Арсы айылында ФАП курула баштады

Аймак 376 22 Июнь 2026 18:08
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59.jpeg
hd-1782128556926.jpeg
hd-1782128556663.jpeg
hd-1782128555850.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59.jpeg
hd-1782128556926.jpeg
hd-1782128556663.jpeg
hd-1782128555850.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бүгүн Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Арсы айылында фельдшердик-акушердик пункттун пайдубалына мезгил кутучасын салуу аземине өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө жаңы саламаттык сактоо мекемесинин курулушу айыл тургундары үчүн маанилүү социалдык долбоорлордун бири экени белгиленип, анын келечекте калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Эл өкүлү Адилет Бекелов аталган курулуштун ишке ашуусуна каржылык колдоо көрсөткөн "Эмират" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Рахматулла Эгембердиевге, фонддун өкүлү Бакыт Калбаялиевге, "Ак-Булут" кайрымдуулук фондунун төрагасы Нурбек уулу Ормонго, ошондой эле долбоорду жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле эл өкүлү жаңы ФАПтын курулушу айыл тургундарынын саламаттыгын чыңдоого кызмат кылып, көп жылдар бою калкка пайда алып келген маанилүү социалдык объекттердин бири болоруна ишенимин билдирди.