Кочкордо жаңы автобекеттин курулушу уланууда

Аймак 11 Сентябрь 2025 14:25
544804774_18078006617068772_2575024657228047310_n.jpg
545146568_18078006599068772_6079444919475046726_n.jpg
544137547_18078006608068772_3203844751127751620_n.jpg
Алдыга
Артка
544804774_18078006617068772_2575024657228047310_n.jpg
545146568_18078006599068772_6079444919475046726_n.jpg
544137547_18078006608068772_3203844751127751620_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор айылында заманбап талаптарга жооп берген жаңы автобекеттин курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 394 миллион сомду түзөт.

Жаңы автовокзалдын жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, ал эки кабаттуу болуп курулууда.

Курулуш иштери заманбап стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жогорку коопсуздукту камсыздоого багытталган.