Кочкордо голландиялык картошка сорттору жогорку түшүм берди

Аймак Загрузка... 30 Сентябрь 2025 15:45
images_cms-image-000028205.jpg

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Кочкор районунда “3+2+1” долбоорунун алкагында гектарынан 35 тонна картошка түшүмү жыйналууда.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, Кочкор районунда агроишкер Курманбек Оторов “3+2+1” долбоорунун алкагында министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ар тараптуу колдоосу менен 2 гектар жерге картошка эгип, учурда гектарынан 30–35 тонна түшүм алуу ийгилигине жетишти.

Белгиленгендей, министрлик дыйкандарга заманбап технологияларды жана сапаттуу үрөндөрдү камсыз кылууда. Бул максатта Голландиядан элита жана супер элита сортундагы үрөндөр алынып келип, жергиликтүү шартка ылайыкташтырылууда.

Мындан улам, дыйкандар жогорку түшүм алып, картошканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө.

Ал эми, Исакеев айыл аймагындагы айдоо аянтында супер элита Челенджер, Пердиз жана Камелия сорттору өстүрүлүп, алардын ар бири төмөнкү өзгөчөлүктөргө ээ:

  • Челенджер — орто кеч бышчу, ооруларга туруктуу, түшүмдүүлүгү жогору сорт;
  • Пердиз — эрте бышчу, сапаты мыкты, сактоого ыңгайлуу, базарда суроо-талап жогору;
  • Камелия — орто бышчу, крахмалдуулугу жогору, тамак-аш жана кайра иштетүү үчүн ылайыктуу.

"Бул жыйынтык үрөндүк картошканын сапатын жогорулатууга жана район дыйкандарынын өндүрүмдүүлүгүн арттырууга чоң салым кошууда. Ошондой эле, Голландиядан келген ишкерлер Кочкордун шарттарын изилдеп, келечекте жаңы картошка кайра иштетүү фабрикасын ачуу пландарын караштырып жатышат",-деп айтылат маалыматта.