Кочкордо борбордук стадионду реконструкциялоо иштери башталды - эскиздери

Аймак 22 Сентябрь 2025 12:16
552680642_1298796921719354_7261480282688866675_n.jpg
548598819_1298795831719463_8566208755464883820_n.jpg
550126985_1298796901719356_249879917028752835_n.jpg
550558106_1298796551719391_6487428551995741297_n.jpg
550876359_1298796568386056_3225145977250426664_n.jpg
550997164_1298796225052757_7548203609290821604_n.jpg
550852808_1298796341719412_1992537631810638308_n.jpg
551058291_1298796161719430_5561448570876797526_n.jpg
552457404_1298796451719401_8958135244082114209_n.jpg
552522358_1298796521719394_2986479609247535516_n.jpg
552635405_1298796391719407_4348371239941883778_n.jpg
553325924_1298796148386098_8624500073183224008_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кочкордогу борбордук стадионду реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү менен Нарын облусунда бир катар маанилүү социалдык объектилердин курулушу ыкчам түрдө башталды. Алардын ичинде аталган стадиондун реконструкциясы дагы бар.

550997164_1298796225052757_7548203609290821604_n.jpg

Күн мурун курулуш министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, жүрүп жаткан иштердин абалы менен жеринде таанышты.

553325924_1298796148386098_8624500073183224008_n.jpg

Иш сапардын алкагында министр Кочкор районундагы эски борбордук стадиондун жайгашкан аймагын кыдырып, реконструкция боюнча жаңы долбоордун аткарылышы менен таанышып чыкты. Министр объект өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин жана бул маселе өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Стадион ири реконструкциядан кийин, райондогу жаштар жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн заманбап шарттар түзүлүп, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө чоң түрткү болот.