Кочкордо автобекет, стадион жана дагы 19 объекттин курулушу жүрүп жатат

Аймак 05 Август 2026 09:45
1.jpg
763728509_1820715132673242_5505872484005053310_n.jpg
761640925_1820715109339911_8039633459126937529_n.jpg
763098470_1820715096006579_858616168191852466_n.jpg
763811107_1820715039339918_3282910182563207839_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы 21 жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев курулуштардын жүрүшү менен таанышты.

"Учурда Кочкор айылында жаңы автобекет, стадион жана башка социалдык объектилер курулуп жатат. Ошондой эле райондогу сегиз объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Иш сапарынын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.