Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Кочкор районундагы Ара-Көл – Оро-Башы унаа жолунун 5 чакырымына асфальт-бетон төшөлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун аталган бөлүгүн асфальттоо 2026-жылга карата титулдук тизмеге киргизилген.
Учурда №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси иштерди бекитилген графикке ылайык жүргүзүп, жолго асфальт-бетон аралашмасын төшөөдө.
Жол Чолпон айыл аймагындагы Ара-Көл жана Оро-Башы айылдарын байланыштырат. Иштер аяктагандан кийин жол кыймылы үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.