Кочкордо абердин-ангус породасындагы 116 баш асыл тукум уй багылууда

Аймак 03 Август 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.07.38.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.06.54.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.07.47.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.07.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.07.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.07.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.07.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.09.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.09.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-03 at 10.09.00.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кочкордо абердин-ангус породасындагы 116 баш асыл тукум уй багылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Район акими Баялы Досалиев асыл тукум мал багылып жаткан "Сал Эм" асыл тукум чарбасынын малды багуу шарттары менен таанышты. Анда чарбаны мындан ары өнүктүрүү, асыл тукум малдын санын арттыруу жана мамлекеттик колдоо механизмдерин пайдалануу маселелери боюнча пикир алышуу болду.

"Бүгүнкү күндө чарбада абердин-ангус породасындагы 116 баш бодо мал багылууда. Анын ичинде 76 уй, 2 бука жана 38 музоо бар", - деп айтылат маалыматта.

"Сал Эм" чарбасы Кочкор районунда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жана сапаттуу малдын санын көбөйтүүгө багытталган иштерди жүргүзүүдө.