Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Кочкор районундагы Арабаев мектебинин жаңы имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 500 орунга ылайыкталган имараттын жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, ал 3 кабаттан турат. Билим уясында лаборатория, китепкана, IT-кабинеттер, эмгек класстары жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Мындан тышкары, жайкы футбол жана волейбол аянтчалары да болот. Учурда эмеректерди орнотуу иштери аткарылууда.
Белгиленгендей, учурда иштеп жаткан мектепте 1800 окуучу билим алып, орун тартыштыгы жаралган. Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, бул көйгөй чечилет.
Эске салсак, мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.