Кочкордо 38 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылды

Аймак 05 Февраль 2026 12:45
Исакеев айылы уч. Чоң-Трактор 2,0 га (1).jpg
Чекилдек уч. Отуз-Адыр 9,18 га.jpg
Тендик айылы уч. Уй-Сарай 20 га.jpg
Тендик айылы уч. Талаа-Стан 1,60 га.jpg
Семиз-Бел айылы уч Кыштак 5,0 га (1).jpg
Алдыга
Артка
Исакеев айылы уч. Чоң-Трактор 2,0 га (1).jpg
Чекилдек уч. Отуз-Адыр 9,18 га.jpg
Тендик айылы уч. Уй-Сарай 20 га.jpg
Тендик айылы уч. Талаа-Стан 1,60 га.jpg
Семиз-Бел айылы уч Кыштак 5,0 га (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Кочкор районунда мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө 1996-2006-жылдар аралыгында Ормон-Хан жана Чолпон айыл аймактарындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги аныкталды. Менчиктештирилген жердин жалпы аянты 37,78 гектарды түзгөн.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 80 млн 300 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.