Кочкордо 30 гектар сугат жер муниципалдык менчикке өттү

Аймак Загрузка... 15 Июнь 2026 11:55
309388199_161186589890373_2657171365572626612_n.jpg

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан 30,5 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Чолпон айыл аймагында 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылган.

Ошентип, базар баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

724818285_1326100709708978_1316011505960639997_n