Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Балыкчы–Кочкор темир жолундагы "Кочкор" станциясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, жолдун төмөнкү катмары төшөлүп бүттү, учурда жогорку бөлүгү жасалууда.
"Президент Садыр Жапаров белгилегендей, акыркы 30 жыл ичинде бир метр да темир жол курулган эмес. Эгемендүүлүк күнүнө карата биз Балыкчы–Кочкор линиясындагы "Кочкор" станциясын ачууну пландап жатабыз. Бул "Кыргыз темир жолу" ишканасынын олуттуу жетишкендиги деп эсептелет", - деди ал.