Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулат - эскиздери

Аймак 23 Сентябрь 2025 14:44
whatsappimage20250923at132240-4968d2578beabc26.18552108.jpg
whatsappimage20250923at132241-33068d2578bebc835.09304041.jpg
whatsappimage20250923at1103281-56868d2578bec66c8.74470125.jpg
whatsappimage20250923at1322411-16468d2578be9af60.49590578.jpg
whatsappimage20250923at1322412-34668d2578beb63e5.30549049.jpg
whatsappimage20250923at110327-55268d2578be9f7c1.17314196.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Жакында министр Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курула турчу спорт комплексине бөлүнгөн жерди көрүп, долбоору менен таанышты.

Бул долбоор район тургундарынын сергек жашоосуна жана келечек муундун спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү менен Нарын облусундагы бир катар маанилүү социалдык объектилер курулат. Анын арасында аталган спорт комплекси дагы бар.