Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Кочкор районунда 3 кабаттуу, эки корпустан турган оорукана курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ишке ашырылууда.
Башкы планга ылайык, оорукана заманбап үлгүдө салынып, жалпы аянты 6661 чарчы метрди түзөт. Анда 40ка жакын бейтап палатасы, дарыгерлердин бөлмөлөрү, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация бөлүмү, стерилдөө бөлмөсү, жыйындар залы жана ашкана каралган. Ошондой эле имаратка лифт орнотулат.
Курулуш-монтаждоо иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, учурда иштер кызуу жүрүп жатат.