Кочкордо эми темир-бетон буюмдары жасала баштайт

Аймак Загрузка... 15 Ноябрь 2025 11:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Кочкор районунун Чолпон айылында темир-бетон жасоочу цех ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ишкананын ачылышына министр Таалайбек Ибраев катышып, темир-бетон буюмдарын жасоочу цех — өндүрүштү жеринде уюштуруп, аймактын инфраструктурасын чыңдоодо чоң роль ойной турганын белгиледи.

Жаңы ишке киргизилген цехтин жалпы аянты 844,5 чарчы метрди, ал эми жалпы сметалык баасы 42 млн 793 миң сом түзөт. Курулуш иштери "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан каржыланды. Ал эми курулуш иштерин "Ширин Бизнес Групп" ЖЧК ишке ашырды.

Бул өндүрүш ишканасынын ишке берилиши менен аймактын электр тармактарын чыңдоо үчүн жылына 5500 даана СВ-95, СВ-105 жана СВ-110 үлгүсүндөгү темир-бетон мамыларын, ал эми суткасына 24 даана мамы чыгарууну пландаштырууда. Муну менен катар 8 жумушчу орун түзүлөт. Цехтен өндүрүлгөн буюмдар Кочкор районунун энергетика тармагын жаңылоо үчүн колдонулат. Ошондой эле Нарын облусунун аймагындагы капиталдык курулуш объектилерин сапаттуу жана жеткиликтүү баада камсыз кылууга өбөлгө түзөт.