Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Кочкор районунда президенттин колдоосу менен 9 кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин облустагы өкүлү Нурбек Сатаров райондогу курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Маалыматка ылайык, Нарын облусу боюнча жалпысынан 48 кичи футбол аянтчасын куруу пландалган. Долбоор жаштар үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана аймактардагы спорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.