Кочкор районуна атайын техникалар берилди

Аймак Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 17:35
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Кочкор районуна 2 атайын техниканы тапшырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, техникалар президенттин Турукташтыруу фондунун жана Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун эсебинен алынган.

"Жалпысынан райондун айылдары үчүн 11 атайын техника сатып алуу пландалган. Анын 5 даанасы президенттин Турукташтыруу фондунун, ал эми 6 даанасы "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен алынат", - деди Сатаров.

Жаңы техникалар айыл аймактарындагы коммуналдык жана башка инфраструктуралык иштерди жүргүзүүгө багытталат.