Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 18:00гө карата республиканын негизги ашууларында кыймыл туруктуу. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Алсак, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда саат 15:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алына элек.
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда кар жаап жатат, каттам бар. Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайларында жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Мындан тышкары, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жол ачык, каттам бар.
Жол тейлөө кызматтары жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер күнү-түнү тынымсыз жүргүзүлүүдө.