"Өкмөттүк акселераторлор": Жарым жылда кайсы кызматтар жөнөкөйлөштү?

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 12:45
748665843_1711410130006130_5471718670301415981_n.jpg
750644436_1009382275423794_722838899668941143_n.jpg
750183339_1033358059299685_5033248561731608281_n.jpg
746503149_1062336019548351_7402845504817761247_n.jpg
748520210_1350122863764650_2566535568444183032_n.jpg
748527799_994441309865221_1004688132316939477_n.jpg
749315177_1738468090528489_630779625566649682_n.jpg
749377944_1008130555164945_1575175853993178493_n.jpg
748700720_1413456980634801_2637408158551766193_n.jpg
749355844_1617006983323842_2295558454582134472_n.jpg
749329980_1825046048872585_1966066308525486170_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешменин жүрүшүндө "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында эки реформаны ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгарды.

Минкаб башчысы быйыл ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 9 реформа башталганын белгиледи. Алардын экөө боюнча коюлган максаттарга толугу менен жетишилди, бүгүн дагы эки реформанын жыйынтыктары чыгарылды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда кардарлардын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул реформанын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет элдик жарандарга баалуу кагаздар рыногунун финансылык инструменттерине аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Брокердик эсепти аралыктан ачууда кардарды идентификациялоо жана верификациялоо процедурасынан өтүү убактысы санариптик идентификацияны, мамлекеттик маалымат системалары менен интеграцияны жана маалыматтарды текшерүүнү автоматташтыруу аркылуу болжол менен 2 күндөн (брокердин кеңсесине баруу менен) 15 мүнөткө (брокерге барбастан) кыскартылды.

Мындан тышкары, санитардык китепчени (жеке медициналык китепче) тариздөө процесси жөнөкөйлөштүрүлдү. Санариптештирүү санитардык китепчени тариздөө мөөнөтүн 8 күндөн 4 жумушчу күнгө чейин кыскартууга, баруулардын санын 5тен 2ге чейин азайтууга, санитардык китепчелерди жасалмалоо тобокелдигин төмөндөтүүгө, ошондой эле жарандар, иш берүүчүлөр, медициналык уюмдар жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди.

"Мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин натыйжасында биз эски кагаз түрүндөгү моделден баш тартып, милдеттүү медициналык кароодон өтүүдөн тартып электрондук медициналык китепчени түзүүгө чейинки бирдиктүү санариптик процессти түздүк. Санитардык китепчени тариздөө мөөнөтү эки эсеге кыскарып, жарандардын медициналык уюмга кайрылуусунун саны азайып, ашыкча кагаз документ жүгүртүү жоюлду жана иш берүүчүлөргө, ошондой эле көзөмөлдөөчү органдарга документтин актуалдуу статусун ыкчам текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген ачык-айкын мамлекеттик реестр түзүлдү", — деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, президенттин администрациясы менен жогоруда аталган реформаларды ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.