Өкмөт Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган жаңы программасын даярдап жатат

Аналитика Загрузка... 04 Июнь 2025 10:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргыз өкмөтү учурдагы экономикалык өсүштүн жогорку темптерин сактап калуу менен гана чектелбестен, артыкчылыктарды туура белгилеп, багыттарды так аныктап, алда канча олуттуу прогресске жетишүүнү көздөдү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерге өкмөт 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы программасын даярдап жатканын билдирди.

Байсалов түшүндүргөндөй, 2000-жылдары кабыл алынган долбоорлор эскирген, эски шаблондор жаңы реалдуулукту эске албайт. Биринчиден, республика бир нече жылдын ичинде эле алдыга коюлган милдеттерди гана аткарбастан, узак мөөнөткө коюлган максаттарды да ишке ашыра аткара алды. Экинчиден, Кыргызстан мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн реформаларды улантыш керек. Үчүнчүдөн, өкмөт жаңы милдеттерди белгилеп, аларды ишке ашыруу боюнча пландарды иштеп чыгууга ниеттенүүдө.

"Менин оюмча, бизде жаңы, радикалдуу идеялар, көптөгөн мамлекеттик программаларды кайра карап чыгуу жетишпей жаткандай сезилет. Кээ бир мамлекеттик органдар 2017-жылдын сентябрь айында кабыл алынган өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашырып жатабыз деп дагы эле олуттуу түрдө айтып жатканы кейитет. Биз мунун баарын эбак эле аткарып, алдыга бир топ озуп кеткенбиз. Бирок бюрократизм дагы деле бар. Ошонун айынан күндөн-күнгө бош кагаздар толтурулуп, эчак эле унутула, ыргытыла турган пайдасыз мамлекеттик программалар боюнча отчеттор жазылып жатат. Буга чейин Юстиция министрлигине эски мамлекеттик программаларды архивге жөнөтүү тапшырмасы берилген. Көбүрөөк ийкемдүүлүк жана жаңы идеялар керек», - деп баса белгиледи Эдил Байсалов.

Учурда министрлер кабинети жаңы программанын үстүндө иштеп жатат. Программа Кыргызстандын экономикалык өнүгүү потенциалын толук ачууга, жаңы багыттарын белгилөөгө жана аларды аткаруу ыкмаларын аныктоого мүмкүндүк берет.

"Жаңы беш жылдык план болот, көптөгөн жаңы идеялар, багыттар бар. Ал мурунку өнүгүү пландардан айырмаланат", - деди Байсалов.

Ошону менен бирге өкмөт мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну көздөйт. Бюрократиялык механизмдер маанилүү экономикалык демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууну артка тартып, натыйжасыз болуп калды. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк тездеткичтер” программасынын алкагында 100 күндүк реформалар программасы боюнча жаңы иш-чаралар башталганын билдирди.

Маанилүү багыттардын бири - бул жер тилкелердин трансформациялоо процедурасын жөнөкөйлөштүрүү. Бул маселе бүгүнкү күндө өтө татаал жана узакка созулган бойдон калууда. Аны чечиш үчүн айрым учурларда 4-5 жыл талап кылынат. Кыргыз өкмөтүнүн башчысы белгилегендей, бул инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну дээрлик мүмкүндүк бербей, аймактардын өнүгүүсүн басаңдатат. Себептердин арасында курулуш документтерин даярдоонун узак мөөнөттөрүн жана ведомстволордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

Документтерди бекитүүнүн бардык баскычтарында мөөнөттөрдү түп-тамырынан бери кайра карап чыгууга тапшырма берилди. Курулуш документтеринин ордуна айрым учурларда долбоорлордун эскиздерин киргизүү маселеси каралып, археологиялык отчетту даярдоо мөөнөтүн 10 жумушчу күнгө чейин кыскартууга тапшырма берилди. Ошондой эле археология тармагында кадрларды даярдоону жана лицензиялоону кайра карап чыгуу тапшырылды. Башкача айтканда, мамлекет өнөр жай ишканасын ачууга, транспорттук-логистикалык түйүндөрдү курууга, ГЭСти курууга же башка маанилүү инфраструктуралык жана социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция тартууга макулдашкан болсо, иш тез жана сапаттуу аткарылышы керек. Бюрократизм стратегиялык өнүгүүгө тоскоол болбошу керек.

Өкмөт чечимдерди кабыл алууну тездетүү менен эле чектелбейт. Каржы институттары менен биргеликте конкреттүү инвестициялык долбоорлорду дагы талкуулайт. Учурда форель жана осетр балыктарды өстүрүү, аларды кайра иштетүүчү ишкана, жүндү алгачкы иштетүүчү фабриканы куруу жана камволдук жип ийрүү фабрикасын модернизациялоо, жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү долбоорлору каралып жатат.

Ошону менен бирге министрлер кабинети экономикалык өсүшкө түрткү берүү үчүн ишке жергиликтүү бийлик органдарын активдүү тартууда. Райондун жетекчилерине Кыргызстанга дос мамлекеттер – Азербайжан, Венгрия, Өзбекстан жана Россия менен түзгөн өнүктүрүү фонддорунан каржылоо механизмдери тууралуу кеңири айтылды. Аймактык чиновниктер мамлекеттик банктардын Кепилдик фондунан кредит алуу тууралуу да маалымат алышат. Өкмөт башчы белгилегендей, административдик-аймактык реформанын алкагында жетиштүү ыйгарым укуктарды алган райондордун жетекчилери жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүп, аймактык артыкчылыктарды эске алуу менен инвестициялык долбоорлорду демилгелеши керек.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде стратегияларды жана пландарды өзгөргөн шарттарда тууралоо экономикалык туруктуулуктун маселеси экенин белгиледи.

“Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп жатат. 2017-жылдан бери биз пандемияны баштан кечирдик, андан кийин дүйнөлүк логистикалык кризис болду, мунун баары тышкы чөйрөгө чоң таасирин тийгизди. Азыр биз санариптик трансформациянын этабына кирип жатабыз. Албетте, биз буга ыңгайлашып, экономикага пайда алып келүүгө аракет кылып жатабыз.

Беш жылдык пландаштырууга өтүү, бул чынында, жаңы реалдуу милдеттер коюулуп, алардын аткарылышын көзөмөлдөп, чечимдерди кабыл алууда алда канча ийкемдуулук учун шарттарды түзөт. Бул ички жана тышкы чакырыктарга так жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы идеялар, келечектүү багыттарга басым жасоо, жасалма интеллект технологияларын ишке ашыруу, Кыргызстан үчүн бул өнүгүп жаткан экономикага инновацияларды киргизүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр. Ошондуктан стратегияларды кайра карап чыгуу жана жаңылоо маанилүү жана зарыл кадам болуп саналат», - деп белгилейт Төлөнбек Абдыров.

Экономика тирүү организм катары, анын ар тараптуу өнүгүшү бир катар факторлорго көз каранды. Бул туура коюлган артыкчылыктар, так аныкталган максаттар жана аларга жетишүүнүн дыкат ойлонулган жолдору жана ыкмалары. Бул мамлекеттин экономикалык базасын чыңдап, жарандардын жыргалчылык жашоосун жогорулатууга багытталган программа. Эксперттер Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы амбициялуу, бирок ошол эле учурда реалдуу болоруна ишенишет.