Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Күмүштүн баасы унциясына 41,695 АКШ долларын түздү.
ТАСС маалымдагандай, Comex биржасында күмүштүн баасы дээрлик 2,8%га төмөндөдү.
Соода аянтчасынын маалыматы боюнча, баалуу металлдын баасы 2,76%га төмөндөп, бир унциясына 41,695 долларды түздү.
Ошол эле учурда Comex биржасында алтындын баасы унциясына 3 701,6 доллар болду.