КМШдагы эң мыкты киночулар аныкталды – "Үмүт" кинофорумунун жыйынтыгы

Маданият Загрузка... 09 Март 2026 09:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. 4-7-мартта Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII эл аралык "Үмүт" кинофоруму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Форумдун алкагында 38 тасма көрсөтүлүп, мастер-класстар жана кино долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасы уюштурулду.

Форумдун жыйынтыгында "Эң мыкты фильм" сыйлыгы армениялык режиссёр Лия Карапетяндын "Чайки над Голгофой" тасмасына, ал эми "Эң мыкты режиссёр" сыйлыгы азербайжандык Нурлан Хасанлинин "Ранние чувства" тасмасына берилди.

Ал эми улуттук сынакта башкы сыйлык Төлөмүш Жаныбековдун "Балык" тасмасына ыйгарылып, "Эң мыкты режиссёр" наамын Данияр Абиров ("Обончу") алды.

Кино долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасында "Ты и Я" долбоору "Кыргызфильм" киностудиясынын колдоосуна ээ болуп, "Соучастник", "Ультразвук" жана "Жест" долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүлдү.