Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаздын келиши менен күн жылып, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу республика боюнча кооптуу табигый процесстердин активдешүүлөрү күтүлөрүн эскертет.
Тактап айтканда:
- абанын температурасынын кескин көтөрүлүүсү;
- тоолордогу карлардын ээрүүсү;
- туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкүлөрдүн түшүүсү;
- жер көчкү;
- таш кулоо;
- сел-суу ташкындарынын жүрүүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти үзгүлтүксүз улантып жаткан иликтөөлөрдүн натыйжасында кооптуу табигый кырсыктардын жаралуу коркунучу бар аймактар аныкталган. Алар боюнча министрлик тарабынан президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Энергетика министрлигине, Транспорт жана коммуникация министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына январь айы ичинде жалпысынан 179 атайыг эскертме кат жөнөтүлдү.
Ошондуктан ӨКМ кооптуу табигый жана техногендик процесстердин алдын алуу иш-чараларына өзгөчө көңүл буруп, кырсыктардын алдын алууну эскертет.
Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу же болуп жаткандыгы жөнүндөгү ар бир учуру боюнча 112 кызматына чалып маалымат берүүнү өтүнөт.