Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү кооптуу аймакта жашаган тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2018-жылдан бери эскертүү иретинде иш алынып барылууда, бирок жашоочулар көчпөй жатат. Ленин көчөсүндөгү турак-жайларда 68 үй-бүлө жардын боорунда жашайт. Алардын ичинде 10 чактысы дүкөн, күркөлөр.
ӨКМ жаз келип, күн жылыганда табигый кырсыктар активдешерин айтып, жергиликтүү тургундарга дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган аймак 2018-жылы кооптуу аймак деп табылган.