ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда сууну деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Коом Загрузка... 11 Апрель 2025 18:07
sel-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 13-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана кардын интенсивдүү эришине байланыштуу жана 14-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.