Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн күркүрөп, чагылган түшкөндө эмнени эске алуу керектигин айтты.
Алар:
- Эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;
- Мешке от жакпаңыз! Анткени, меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;
- Уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз, себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
- Эгерде сиз токойдо болсоңуз анда ачык аянтка шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
- Суу объектисинде, же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.