Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Клиникалык ооруканага” президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы жылдары 12 кабаттуу заманбап медициналык корпус курулат. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында аталган мекеменин 80 жылдыгына арналган иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы медициналык корпустун техникалык-экономикалык негиздемеси учурда даярдалып жатат.
“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы жылдары клиникалык оорукананын инфраструктурасын кеңейтүү боюнча чоң долбоор ишке ашырылат. Сиздерге 12 кабаттуу заманбап медициналык корпус курулат. Азыр техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат”, - деди минкаб төрагасы.
Касымалиев белгилегендей, 2021-жылдан тартып клиникалык оорукананын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп келет.
Ал ошондой эле оорукананын хирургиялык бөлүмүндө жылына 800дөн ашуун операция жасаларын белгилеп, татаал жана жогорку технологиялуу хирургиялык операцияларды жүргүзүп жаткан дарыгерлердин эмгегин жогору баалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы клиникалык оорукананын 80 жылдык тарыхы бир нече муун дарыгерлердин эмгеги менен байланыштуу экенин айтып, жамаатты мааракеси менен куттуктады.
Белгилей кетсек, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, ардагерлер жана мекеменин эмгек жамааты катышты.