Кыргызстан парник газдарын аз бөлүп чыгарган өлкө болгонуна карабастан, тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу мамлекеттердин катарына кирет. Учурда өлкөдө температуранын жогорулашы, мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын көбөйүшү байкалууда. “Кабар” агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасир тийгизип жатканы тууралуу айтып берди.

Мөңгүлөрдүн тез эриши. Кыргызстандагы мөңгүлөр климаттын жылышынан улам аянтын жана көлөмүн жоготуп жатат. Бул узак мөөнөттүү келечекте дарыялардын агымына жана суу менен камсыздоого терс таасирин тийгизет.
Суу ресурстарына коркунуч. Мөңгүлөрдүн эришинен улам суунун көлөмү көбөйүшү мүмкүн, бирок келечекте мөңгүлөрдүн азайышы суу тартыштыгын күчөтүп, айыл чарбасына, энергетикага жана калктын жашоосуна таасир этет.
Айыл чарбасына терс таасир. Кургакчылыктын күчөшү, жаан-чачындын режиминин өзгөрүшү жана суу жетишсиздиги айыл чарба өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Бул азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет.
Табигый кырсыктардын көбөйүшү. Акыркы жылдары сел, жер көчкү, кар көчкү жана башка кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштардын саны жана интенсивдүүлүгү өсүүдө. Кыргызстанда өзгөчө селдердин кайталанышы күчөп, катуу жаан-чачындардын натыйжасында калктуу конуштарга, жолдорго жана инфраструктурага зыян келтирүү учурлары көбөйдү.

Өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында катуу жаан-чачындан кийин селдер байма-бай жүрүүдө.
Мисалы, 2024-жылы Ноокат районундагы ири сел адам өмүрүн алып, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Миңден ашык адам эвакуацияланган.
Ал эми быйыл да сел окуялары бир нече жолу катталып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы айылдарды жана инфраструктураны суу каптаган. Май айынын башында эле жаандан кийин бир нече аймакта сел жүргөнү расмий маалымдалган.
Энергетикалык коопсуздукка таасир. Кыргызстан гидроэнергетикага көз каранды болгондуктан, суунун агымынын өзгөрүшү электр энергиясын өндүрүүгө таасир этиши мүмкүн.
Калктын ден соолугуна коркунуч. Ысык толкундардын көбөйүшү, суу менен байланышкан көйгөйлөр жана табигый кырсыктар адамдардын ден соолугуна кошумча тобокелдиктерди жаратат.
Жыйынтыктап айтсак, климаттын өзгөрүшү Кыргызстан үчүн экологиялык гана эмес, ошондой эле социалдык-экономикалык көйгөй болуп саналат. Ал суу, азык-түлүк, энергетикалык жана экологиялык коопсуздукка түздөн-түз таасир берип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жаңы чакырыктарды жаратууда.