Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Кыргызстанга таандык алгачкы улуттук спутниктин орбитага чыгарылышы өлкөгө экологиялык абалды, мөңгүлөрдүн эришин, суу ресурстарын, жайыттарды жана өзгөчө кырдаалдарды онлайн режимде өз алдынча көзөмөлдөп, алынган маалыматка жараша ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу эколог Анара Султангазиева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мындай маалыматтарды чет өлкөлүк спутниктерден алуу убакытты талап кылып, акы төлөнүүчү кызмат болсо, улуттук спутниктин жардамы менен Кыргызстан өзүнө керектүү маалыматтарды туруктуу алып, аларды өз алдынча талдай алат.
“Башка чет өлкөлүк спутниктерден маалымат алган учурда биринчиден, бул убакытты талап кылат, экинчиден, акы төлөнүүчү кызмат. Ал эми өзүбүздүн спутнигибиз болсо, биз дайыма онлайн режимде байкоо жүргүзө алабыз. Бул акысыз болуп, маалыматка абдан тез жана ыкчам реакция кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бул өзүбүздүн маалымат болот, аларды сурап, кезек күтүп же акы төлөбөйбүз. Өзүбүз дайыма байкап турабыз. Алынган маалыматтардын негизинде тиешелүү иш-чаралардын пландарын түзүүгө шарт түзүлөт. Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү”, - деди ал.
Экологдун белгилешинче, спутниктен алынган маалыматтар өлкөнүн экономикасына да түздөн-түз байланыштуу болгон экологиялык абалды көзөмөлдөөдө маанилүү роль ойнойт.
“Бардык тармактарга, анын ичинде экономикага да тиешелүү. Анткени, өлкөдөгү экологиялык абал экономика менен түздөн-түз байланыштуу. Мисалы, суу ресурстарынын тартыштыгы айыл чарбасына, экономикага жана азык-түлүк коопсуздугуна таасир этет. Ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүк экологиялык системага, биздин ден соолугубузга жана бакубат жашообузга түздөн-түз байланыштуу”, - деди Султангазиева.
Экологдун пикиринде, экологиялык абалдын начарлашы адамдын ден соолугуна жана жашоо сапатына да таасир этет.
“Экологиянын абалы биздин жашообуз менен түздөн-түз байланыштуу. Эгер экология жабыркаса, адам өзү да жабыркайт. Адамдын ден соолугуна, жашоо сапатына таасир берет. Өзгөчө кырдаалдар боюнча да спутник маалыматты алдын ала көрсөтүп берсе ага бир нече саат, балким бир нече мүнөт калганда эле реакция кылып, алдын ала даяр болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кырсык болгондон кийин гана аракет жүргүзбөстөн, ага алдын ала даярданууга шарт болот. Мына ушундай максатта бул иштер жүргүзүлүп жатат”, - деди ал.
Эколог спутниктин жардамы менен жайыттарды, мөңгүлөрдүн эришин жана кар катмарынын абалын да туруктуу байкоого болорун белгиледи.
“Мисалы, мөңгүлөрдү өз күчүбүз менен байкоо үчүн ресурстар жана каражат керек, мунун өзү көп убакытты талап кылат. Ал эми спутник аркылуу мөңгүнүн канчалык интенсивдүү же жай эрип жатканын так билүүгө болот. Азыркы учурда чоң мөңгүлөр эрип, бөлүнүп, майда мөңгүлөргө айланууда. Биз мөңгүлөрдүн эришин, канча кар жаап жатканын да байкап турушубуз керек. Кар катмары деген түшүнүк бар, кар катмары канчалык калың болсо, мөңгүлөрдүн пайда болушуна жана сакталышына ошончолук шарт түзүлөт. Ушулардын барын эми өзүбүз башкалардан сурабай, акы төлөбөй байкап тура алабыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады эколог.
Белгилей кетсек, АКШнын Калифорния штатында Кыргызстанга таандык алгачкы улуттук спутникти алып жүргөн SpaceX ракетасы ийгиликтүү учурулду. Тарыхый учурга АКШга расмий сапар менен барган президент Садыр Жапаров да күбө болду.
Салмагы болжол менен 5 килограмм болгон спутник кыргызстандык адистер тарабынан иштелип чыккан. Ал айыл чарба жерлери жана жайыттар тууралуу маалыматтарды алуу, кургакчылыкты, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын көзөмөлдөө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин изилдөө үчүн колдонулат.
Бул — Кыргызстандын тарыхында орбитага чыгарылган биринчи улуттук спутник.