Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн сап башында

Экология 30 сентябрь 2026 15:50
Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн сап башында
Кабар

Кургакчылык жана аба ырайынын узак убакыт бою ысык болушу дүйнөнүн көптөгөн аймактарындагы жашоо шартын өзгөртүүдө. Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам аба ырайы барган сайын күтүүсүз болуп, айрым учурларда адам өмүрүнө жана инфраструктурага чоң зыян келтирген кырсыктарга алып келүүдө.

Быйылкы жылдын август айында Непалда мөңгүнүн эриген бөлүгү урап, мөңгү көлүнүн жырылып кетишине себеп болду. Анын кесепетинен сел, жер көчкү жана суу ташкындары болуп, болжол менен 1,5 миңдей адам каза тапты. Жүздөгөн адам кырсык болгон аймакта дайынсыз жоголду.

Тоолуу экосистемалардын бузулушу айрым аймактарда таза суунун тартыштыгын күчөтүүдө. Илгертен түбөлүк муз каптап турган тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн азайышы дарыялардын агымын да кыскартууда. Бул өз кезегинде тоолордон башат алган суулар жүздөгөн, ал тургай миңдеген чакырым алыстагы аймактарга жеткендиктен, алардагы суу ресурстарына да таасирин тийгизет.

Жакында БУУ Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун баяндамасын жарыялады. Анда кургактагы таза суунун запасынын узак убакыттан бери азайып келиши жана мөңгүлөрдүн аянтынын азайышы уланып жатканы айтылат. Бул тенденциялар келечекте адамдардын жашоосуна жана экономиканын ар кандай тармактарына олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Окумуштуулардын баяндамасында белгиленгендей, 2025-жылы дүйнө жүзүндөгү дарыяларда акыркы отуз жылдан ашуун убакыттагы эң кургак мезгилдердин бири катталган.

БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында президент Садыр Жапаров дүйнө коомчулугун климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Ал климаттын өзгөрүшү жакынкы келечекте адамзат туш болушу мүмкүн болгон бир катар коркунучтарды жаратып жатканын белгиледи.

“Дүйнөлүк көйгөйгө айланган климаттын өзгөрүшү уланууда. Планетабыздагы орточо температура жана климатка байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын саны тездик менен өсүп жатат. Анын энергетикага, айыл чарбасына, азык-түлүк коопсуздугуна жана жалпы эле экономикага тийгизген терс таасири олуттуу деңгээлге жетти.

Кыргызстан — тоолуу өлкө. Мөңгүлөрдүн эриши бизге өзгөчө таасир этет. Бул абстрактуу коркунуч эмес, аймактык деңгээлдеги экологиялык көйгөй. Бул аймактык деңгээлдеги экологиялык көйгөй. Ошондуктан климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн эл аралык күч-аракеттерди бириктирүү өтө маанилүү деп эсептейм.

Ушуга байланыштуу 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрөбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардыгыңызды саммитке катышууга чакырам.

Бул саммит 2023–2027-жылдарга белгиленген Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот. 2026-жылдын 31-августунда Бишкекте Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен болгон жолугушуумда бул саммитти БУУ менен биргеликте өткөрүүнү сунуштагам.

Бул аракеттер Кыргызстандын тоолуу мамлекеттердин арасында алдыңкы ролду ээлөөгө жана алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Ошондуктан Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунда тоолуу аймактардын климаттык көйгөйлөрүн чечүү маселесинде чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин үнү болууга толук даяр”, — деди Садыр Жапаров БУУнун трибунасында.

БУУнун баяндамасына кайрылсак, анда климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүлөрдүн азайып баратканы боюнча илимий маалыматтар жана кооптуу тенденциялар келтирилген.

  • Өткөн жыл дүйнөнүн бардык аймактарында мөңгүлөр ири көлөмдө эриген төртүнчү жыл катары катталды. Бул кыска мөөнөттө суу ташкындары сыяктуу коркунучтарды жаратып, узак мөөнөттүү келечекте суу коопсуздугуна олуттуу таасир этиши мүмкүн. 2023–2025-жылдары мөңгүлөр жыл сайын массасын жоготкон. Ушул мезгилде дүйнө жүзү боюнча мөңгүлөрдүн жалпы жоготуусу 1400 гигатонна сууну түзгөн. Бул болжол менен Олимпиададагы 560 миллион бассейнди толтурууга жетерлик суу же дүйнөдө бир жылда алынган таза суунун үчтөн бирине жакын көлөмгө барабар.
  • 2025-жылы Борбор, Түштүк жана Батыш Азияда, Россиянын Арктика аймагында, Исландияда, Канаданын батышында жана АКШда мөңгүлөр массасын олуттуу жоготкон. Натыйжада жылдык көрсөткүч байкоолор жүргүзүлүп келе жаткан тарыхтагы эң начар үч көрсөткүчтүн бири болгон.
  • 2025-жыл дүйнөдө дарыялардын суусу боюнча акыркы 35 жылдагы эң кургак жылдардын бири болду. Дарыя бассейндеринин 36 пайызында суунун агымы нормадан төмөн катталган. Мындан тышкары, дарыя бассейндериндеги “нормалдуу” суу шарттарынын саны жетинчи жыл катары менен орточо көрсөткүчтөн төмөн бойдон калды. 2025-жылы мындай бассейндердин үлүшү 34–38 пайызды түзсө, 1991–2020-жылдардагы орточо көрсөткүч 46 пайыз болгон.
  • Кургактагы суу запасы 2010-жылдардын ортосунан бери азайып келет. Ага жер алдындагы суулар, көлдөрдөгү жана дарыялардагы суу, топурактагы ным, өсүмдүктөрдөгү суу, ошондой эле муз жана кар түрүндөгү суу кирет.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Селеста Сауло климаттын өзгөрүшүнөн улам кургактагы суу запастары туруктуу азайып жатканын белгиледи.

“Суу чек ара тааныбайт. Дарыя бассейниндеги суу балансы башка өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө да көз каранды. Бир өлкөдөгү мөңгүнүн азайышы дарыянын төмөн жагында, жүздөгөн чакырым алыстыкта жашаган калктын сууга жеткиликтүүлүгүнө таасир этет. Ошондуктан бизге биргелешкен маалыматтар, жалпы стандарттар жана эрте эскертүү системалары керек. Уюм дал ушул максатта иш алып барат”, — деди ал.
“Бүгүнкү күндө тоолордун дипломатиясы экологиялык гана маселе эмес, тоолуу аймактардын жана өлкөлөрдүн экономикалык жактан туруктуу жашоосу үчүн маанилүү маселеге айланды”, — дейт экономист Нурбек Элебаев “Кабар” агенттигине берген маегинде.
“Климаттын өзгөрүшү түздүктөргө караганда тоолуу аймактарга көбүрөөк таасир этүүдө. Анын кесепетинен Кыргызстан акыркы 70 жылда мөңгүлөрүнүн болжол менен 30 пайызын жоготту. Бул экономиканын үч тармагына дароо таасирин тийгизет. Атап айтканда энергетикага — Нарын дарыясындагы суунун көлөмү азаят, айыл чарбасына — дарыянын төмөн жагындагы сугат суусу кыскарат, туризмге жана Ысык-Көлдүн айланасындагы жашоого да таасир берет.
Мисалы, акыркы беш жылда көлдүн деңгээли жылына орточо 7 сантиметрге төмөндөп, ага куюлган 101 дарыянын 30у гана калган. Экологдордун эсебине караганда, көлдүн деңгээли акыркы 170 жылда 14 метрге төмөндөгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында да айтты.
Ошондуктан тоолордун дипломатиясы азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү. Ал маселени “тоолорго жардам бергиле” деген өңүттөн чыгарып, “суу башатын биргелешип каржылайлы” деген деңгээлге көтөрөт. Анткени бул суу ресурсу кеминде төрт өлкөнүн жашоосу үчүн маанилүү.
Ушул өңүттөн алганда, 2027-жылдын октябрында өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммити “Бишкек+25” экономикалык механизмдерди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болот. Анын ичинде экосистемалык кызматтар үчүн төлөм киргизүү жана климатты сактоо үчүн карыздарды алмашуу сыяктуу механизмдер каралышы мүмкүн.
Кыргызстан үчүн БУУнун камкордугунда Бишкекте штаб-квартирасы жайгаша турган Тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугу боюнча глобалдык борборду түзүү өзгөчө маанилүү. Биз бул демилгени Бразилияда өткөн COP30 саммитинде да көтөргөнбүз.
Тоолуу өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугу экосистемаларды пайдалануу аркылуу эмес, аларды сактоо аркылуу киреше табууга өтсөк гана камсыздалат. Атап айтканда, дүйнө суунун өзүнө эмес, ошол суунун булагын — мөңгүлөрдү, токойлорду жана жайыттарды сактоого каражат бөлүшү керек.
Эгер бул модель Кыргызстан буга чейин БУУнун камсыздоосунда түзүлө турган Трасттык фондго мамлекеттик инвестиция катары 10 млн доллар бөлгөн Ысык-Көлдө ишке ашса, аны бүтүндөй Теңир-Тоо жана Памир аймактарына жайылтууга болот”, — деди Нурбек Элебаев.

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) Тармактык талдоо борборунун жетекчиси Арман Ахунбаев “Кабар” агенттигине билдирген пикиринде Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелерди эл аралык деңгээлде көтөрүп жатканы өз убагындагы кадам экенин белгиледи.

“Бул бир гана Кыргызстанга тиешелүү эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөй. Акыркы он жылда дүйнөдө бир адамга туура келген кайра жаралуучу таза суунун көлөмү 7 пайызга азайды. Ал эми тоолор дүйнөдөгү таза суунун жылдык агымынын 55–60 пайызын камсыздайт.
Борбор Азияда климаттын өзгөрүшүнүн негизги көрүнүштөрүнүн бири — суу тартыштыгынын күчөшү. Аймакта температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн тезирээк өсүп, кургакчылык жана суусу аз мезгилдер көбүрөөк катталууда. ЕӨБдүн аналитиктеринин баамында, акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты болжол менен 30 пайызга кыскарган.
Кыргызстандын БУУда келтирген маалыматына ылайык, акыркы 70 жылда Ысык-Көлдү суу менен камсыз кылган Теңир-Тоодогу мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашыгы жоголгон. Анын болжол менен бештен бир бөлүгү акыркы 7–10 жылга туура келет.
Эгер реформаларды жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты тездетпесек, 2028–2029-жылдары Борбор Азияда жылына 5–12 млрд куб метрге чейин туруктуу суу тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Ошондуктан мөңгүлөрдү, тоолуу экосистемаларды жана Ысык-Көлдү сактоо — экология маселеси гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын суу, азык-түлүк, энергетика жана экономикалык коопсуздугуна байланыштуу маселе.
Бул багытта үмүттөнүүгө негиз бар. Аймакта көйгөйдүн масштабы жана биргелешип аракет кылуунун зарылдыгы тууралуу түшүнүк калыптанып жатат. Тажикстан мөңгүлөрдү сактоо маселесин дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, Мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылын жарыялоо демилгесин көтөргөн өлкөлөрдүн бири болду жана Душанбе декларациясын кабыл алды.
2026-жылы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан криосфера боюнча биргелешкен субрегионалдык иш-аракеттер программасын колдоду. Анда мөңгүлөрдү жана башка тоо муз катмарларын туруктуу көзөмөлдөө, маалымат алмашуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү каралган.
Кыргызстандын демилгелери да ушул жалпы аракеттерди толуктап турат. “Бишкек+25” саммити мөңгүлөргө жана дарыялардагы суунун көлөмүнө биргелешкен мониторинг жүргүзүү, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, аймактык долбоорлорду даярдоо жана климаттык каржылоону узак мөөнөткө тартуу боюнча өлкөлөрдүн ортосунда макулдашууга жетишүү үчүн маанилүү аянтча боло алат.
Бул көйгөйдү бир дагы өлкө жалгыз чече албайт. Анткени мөңгүлөр, дарыялар жана аларга байланышкан коркунучтар мамлекеттик чек ара менен чектелбейт.
ЕӨБ үчүн суу маселеси стратегиялык багыттардын бири болуп саналат. Банк Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплексин өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорду ишке ашырып, анын алкагында талдоо жүргүзүү, мамлекеттерге техникалык жардам көрсөтүү, инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана каржылоо иштерин жүргүзөт.
Кыргызстанда ЕӨБ “Куланак” ГЭСин куруунун алгачкы этабын каржылоого катышып, Суусамыр–Көкөмерен ГЭС каскадын даярдоо иштерине, анын ичинде экологиялык жана социалдык таасирин баалоого техникалык жардам көрсөтүүдө. Аймактагы башка өлкөлөрдө банк суу эсепке алууну санариптештирүүгө, туруктуу сугат системаларын өнүктүрүүгө жана суу чарба инфраструктурасын жаңылоого колдоо көрсөтүүдө”, — деди Арман Ахунбаев.

Эксперттердин айтымында, глобалдык жылуулуктун таасиринен улам болуп жаткан өзгөрүүлөр бара-бара дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизет. Жаңы шарттарга бардык мамлекеттер ыңгайлашууга аргасыз болот. Андыктан өлкөлөрдүн өз ара кызматташуу механизмдери канчалык эрте түзүлүп, биргелешкен аракеттердин негизги багыттары канчалык тез аныкталса, климаттык өзгөрүүлөргө даярдык көрүү ошончолук натыйжалуу болот.

Бул багытта Кыргызстан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде көтөрүү демилгесин колго алып жатат. Анткени көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр глобалдык жылуулуктун кесепеттерине эл аралык колдоосуз өз алдынча каршы туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Климаттын өзгөрүшү экономикага да түздөн-түз таасир этет. “Жашыл” технологиялар дүйнөнү өзгөртүп жатат. Бирок өлкөлөр зыяндуу заттардын атмосферага бөлүнүшүн азайтуу, күн жана шамал энергиясын көбүрөөк пайдалануу менен гана чектелбестен, бардык тармактарда сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңири колдонууга өтүшү керек.

Мындан тышкары, күнүмдүк керектөөгө жана айыл чарба жерлерин сугарууга сарпталган суунун көлөмүнө болгон мамилени да кайра карап чыгуу зарыл. Бул ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга байланышкан кеңири маселелердин бири. Ал эми алардын ичинен эң баалуусу — суу.

Сууга жеткиликтүүлүк бардык адамдар үчүн камсыз болушу керек. Ошондуктан тоолуу аймактардын экосистемаларын жана мөңгүлөрдү сактоо да бүткүл дүйнө коомчулугунун жалпы милдети болуп саналат.