Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан климаттын өзгөрүлүшү абанын температурасынын төмөндөшү же жогорулашынан эмес, жыл мезгилдеринин жылышынан болууда. Бул тууралуу Гидрометеорологиялык кызматынын директорунун орун басары Данияр Төлөгөнов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Тагыраагы, ал кыш кечирээк түшүп, жаз эртерээк келип жатканын маалымдады.
Мындай абал айыл чарбасына кедергисин тийгизип, азык-түлүк коопсуздугу коркунучта экени айтыла баштады. Кыргызстанда жаан-чачын, кардын аз жаашынан быйыл суу сактагычка суу аз келип, энергетика тармагына да залакасын тийгизүүдө. Суу башындагы өлкө аталганыбыз менен азыр кырдаал чындыгында оор.
Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында БУУнун трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө климаттын өзгөрүүсү бүгүнкү күндө биз күбө болуп жаткан чындык экенин белгилеген.
“Кургакчылык, мөңгүлөрдүн ээриши, экосистеманын өзгөрүшүнө байланыштуу биз азыртадан эле суу ресурстарынын азайышын, айыл чарба жана биологиялык ар түрдүүлүккө тиешелүү коркунучтарды башыбыздан кечирип жатабыз. Келиңиздер дүйнө жүзү боюнча курал-жарактарга колдонулуп жаткан 3 трлн доллардан ашык акча-каражаттарды элдин турмушун жакшыртууга, ачарчылыкты жоюуга, экологиябызды жакшыртып, абаны тазартууга колдонолу. Абадан дем алууда дүйнөнүн кайсы бурчунда жашаба чек жок эмеспи. Баарыбыз бир аба менен дем алабыз. Ошондуктан кимдин куралы күчтүү деген жарышуу менен эмес, кайсы өлкөнүн жаратылышы, кайсы өлкөнүн абасы таза деген жарышуу менен жашоого баарыңыздарды чакырат элем”,- деген президент.
Ал эми 2021-жылы Глазгодо дүйнө лидерлеринин саммитинде да төмөнкүдөй билдирүү жасаган.
“Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы Кыргызстанда мындай прецеденттер бар. Ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору өттү. Максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келди”,- деп билдирген Жапаров.
Эл аралык уюмдардын изилдөөсүндө акыркы 10 жылда дүйнөдө аба ырайынын ысышынан улам 250 млн киши жер которгон. Анткени, азык-түлүк коопсуздугу, суу тартыштыгы күн тартибине чыгууда.
Жакында эле дүйнөлүк банк “Климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет” деген изилдөөсүнүн корутундусунда коркунучтуу болжолдорду келтирген. Анда өлкөдө сел, жер көчкүлөрү көбөйүп, андан жабыркаган инфратүзүмдү калыбына келтирүү жылына кеминде 100 млн долларды талап кылат деп жазылган.
Мындай шартта жаздын камын күздө көрбөсөк, айыл чарба, жер иштетүү тармагында аба ырайына байланыштуу абал чындыгында оор болорун бийлик өкүлдөрү ачык эле айтууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дыйканчылыкка күздөн баштап даярдануу керектигин айтты. Мында дыйкандар ным топтоо, тоңдурма деген иштерди жасоо керектигин эскертти.
Абал курчуп кетпеши үчүн эң эле жөнөкөй мисалдарга токтолсок, бийлик бак-дарактарды көбөйтүү үчүн “Жашыл мурас” өнөктүгүн баштап, жылына миллиондогон көчөттөр отургузулууда. Тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу демилгеленген. Акыркы учурда электр энергияны суудан эле эмес, күндөн, шамалдан өндүрүү колго алынууда.
Эл аралык уюмдар климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү үчүн айыл чарба тармагында комплекстүү пландоо болушу керек, ландшафттарды башкаруу жакшыртылышы шарт, ички жана тышкы инвестицияларды тартып, климатка байланыштуу долбоорлорду каржылоо колго алынышы зарыл деп жалпылап айтып келишет. Ар бир жаран эң жөнөкөй дегенде жаратылышка аяр мамиле жасап, жок дегенде таштандыны ар кайсы жерге ыргытпай, экологияны коргоо керектиги айтылып келет.