Кел-Суунун жээги таштандылардан тазаланды

Аймак 17 август 2026 09:40
Кел-Суунун жээги таштандылардан тазаланды
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Ат-Башы районундагы Кел-Суу жана Көк-Кыя аймактарында тазалык иштери жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, "Ак-Моюн" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана туризм тармагында иштеген жарандар катышты.

Тазалоо иштери Кел-Суу көлүнүн жээгинин санитардык абалын жакшыртуу жана жаратылышты таза сактоо максатында уюштурулду.

Белгиленгендей, жергиликтүү тургундардын жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катышуусу менен аймактагы таштандылар чогултулду.

"Буга чейин социалдык тармактарда Кел-Суудагы таштандылар тууралуу маалыматтар тараган. Адистердин маалыматына караганда, акыркы күндөрү жааган жаандан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, таштандылар жээкке сүрүлүп келген",-деп айтылат маалыматта.