Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Бүгүн 13-мартта саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда жылуулук жана ысык суу болбойт.
Муниципалиеттен билдиришкендей, Ибраимов көчөсүндөгү №40, 42, 40/1, 42/1 үйлөрүндө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №59 үйдө, Шопоков көчөсүндөгү №33, 35 үйлөрдө жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.