Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көкпар боюнча мелдеште Россиянын курама командасы 3-орунду ээледи.
Курама команда коло медаль үчүн болгон беттеште Өзбекстандын командасын жеңип алды.
Эки тарап тең курч жана чыңалууда өткөргөн оюнда Россиянын курамасы мыкты тактикалык даярдыгын көрсөтүп, атаандаштарын 5:4 эсебинде утуп алды.
Бул жеңиш аларга мелдештин 3-орунун жана 1 млн сом өлчөмүндөгү акчалай байгени камсыз кылды.
Эске салсак, бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештер өттү.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары кез келип, көк бөрү оюну боюнча 12:0 эсебинде, ал эми көкпар оюну боюнча 7:2 эсебинде Кыргызстан командасы жеңишке жетти.