Көкпар: Кыргызстан финалда Казакстан менен беттешет

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 17:10
Көкпар: Кыргызстан финалда Казакстан менен беттешет
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешет.

Бүгүн көкпар боюнча мелдештин тайпалык баскычынын жыйынтыктоочу оюндары өттү.

Оюндун акыркы күнүндө Казакстандын командасы Венгрияны 9:4 эсеби менен жеңсе, Өзбекстан Монголияны 12:1 эсебинде утуп алды.

Ал эми Афганистандын командасы мелдешке катышуудан баш тарткандыктан, Кыргызстанга техникалык жеңиш ыйгарылды.

Жыйынтыгында кыргызстандык көкпарчылар тайпалык баскычта үч жеңишке жетишип, 9 упай топтоду.

Эми кыргызстандык спортчулар алтын медаль үчүн Казакстандын командасы менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.