Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ”Рух-Ордо” маданий комплексинде чет өлкөлүк коноктор үчүн маданий иш-чаралар уюштурулуп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген меймандар кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен жакындан таанышууда. Бул тууралуу оюндардын медиа штабынан билдиришти.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүктөрүнүн бири ар кайсы өлкөлөрдөн келген музыканттардын биргелешкен импровизациялары болду. Музыка бул жерде тилдик жана маданий чек араларды бириктирген достуктун жалпы тилине айланды.
Бразилиядан келген 30 жаштагы музыкант Александр Пенеззи бала кезинен бери гитарада ойноп, ар түрдүү элдердин музыкаларын аткарууга кызыгат. Анын айтымында, башка маданияттардын музыкасы менен таанышып, алардын ортосундагы окшоштуктарды табуу өзгөчө кызыктуу.
Александр буга чейин ”Рух-Ордодо” кыргызстандык жана түрк музыканттары менен биргелешип өнөр көрсөтсө, бул жолу АКШдан келген музыкант менен импровизациялык чыгарманы аткарды.
Кыргызстанга биринчи жолу келген бразилиялык мейман өлкөнүн кооз жаратылышына жана кыргыз элинин маданиятына суктанганын билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага жаңы адамдар жана маданияттар менен таанышууга, ошондой эле музыка аркылуу ар түрдүү элдерди бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берди.