Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Кореялык өнөрпоздор Кыргызстандын бир катар аймактарын кыдырып, өлкөнүн тарыхый-маданий жана кооз жерлери менен таанышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Кванджу маданий борборунун жетекчиси, Кванджу эл аралык фондунун директору KANG HYUNMI, Кванджу эл аралык фондунун менеджери CHOI JINSIL, ошондой эле артисттер HAN JUNGMIN, KANG NAROO, LEE INGOOG, LEE GUNSOO жана SEO HYEONGJUN Кыргызстанга бир жумалык иш сапары менен келишти.
Ошондой эле кореялык делегация Талас облусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Мындан тышкары, делегация кыргыз улуттук “Манас” театрына барып, театрдын ишмердүүлүгү, чыгармачылык багыты жана артисттердин эмгеги менен таанышты.
Белгилей кетсек, кыргыз улуттук “Манас” театры менен Корея Республикасынын Кванджу маданий борборунун ортосунда 2023-жылы кызматташтык келишими түзүлгөн. Анын негизинде эки тараптын чыгармачыл жамааттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, маданий иш-чараларга катышуу жана өз ара чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүү багытында иштер жүргүзүлүп келет.