Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы "Көк бөрү" аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тыйын эңмей боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, аталган мелдешке жалпы 11 мамлекеттен 11 спортсмен катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
- 1-орун- Канат Бактыбай (Казакстан);
- 2-орун- Азим Эсенбек уулу (Кыргызстан);
- 3-орун- Байболат Акылбек (Монголия).
Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
- 1-орун -150 миң сом;
- 2-орун- 100 миң сом;
- 3-орун- 80 миң сом.