Көкпар: Экинчи орунду камсыздаган Казакстанга 2 млн сом берилди

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 15:05
Көкпар: Экинчи орунду камсыздаган Казакстанга 2 млн сом берилди
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Көкпар оюнунун финалында экинчи орунду камсыздаган Казакстандын курама командасына 2 млн сом берилди.

Сыйлыкты Казакстандын туризм жана спорт министри Эрбол Мырзабосынов тапшырды.

Анда спортчуларга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалы жана 2 млн сом акчалай сыйлыктын сертификаты берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын көкпар боюнча мелдеши 7:2 эсебинде жыйынтыкталган.