Көк-Жарда турак үй өрттөнүүдө

Кырсык Загрузка... 26 Декабрь 2025 11:53
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар айылынын Нурмамбетов көчөсүндө турак үй өрттөнүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда тилсиз жоону өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп, штаб тартылды.

Өрт саат 11:40та чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.