Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Көк бөрү” аренасында өткөн финалдык оюндарга кирбей калган же аренага кирип, орундуксуз калган көрүүчүлөргө билеттин акчасы кайтарылып берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарына арналган маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, уюштуруу комитети тарабынан бир билеттин кайтарылуучу наркы 1000 сом өлчөмүндө белгиленди.
Электрондук система аркылуу билет сатып алган жарандар акчасын кайтарып алуу үчүн квитанциясын жана билеттин өзүн көрсөтүшү керек.
Министрдин маалыматына караганда, финалдык оюндарга жалпысынан 15 миң адам билет алган. Алардын ичинен 4 миң 500 адам валидациядан өткөн, ал эми 10 миң 500 адам валидациядан өткөн эмес.
Буга байланыштуу аренага кире албай калган же киргенден кийин орундуксуз калган көрүүчүлөргө билеттин акчасын кайтарып берүү чечими кабыл алынган.